Дүйнө жүзү бештен чоң...

Эрдоган Угандадагы сөзүндө максаттарынын 54 өлкө орун алган Африка материгиндеги бардык өлкөгө элчилик ачуу экенин айтты.

502462
Дүйнө жүзү бештен чоң...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Дүйнө жүзүнүн 5 өлкөнүн чечимдерине садага чабылбай турганын айтты.

Расмий сапар менен Угандага барган Эрдоганга Макарере университетинде уюштурулган азем менен ардактуу докторлук наамы ыйгарылды.

Эрдоган аземдеги сөзүндө максаттарынын 54 өлкө орун алган Африка материгиндеги бардык өлкөгө элчилик ачуу экенин айтты.

Түркиянын Европа жана Азия өлкөсү болгону сыяктуу эле тарыхый байланышынын себебинен ошол эле учурда Африка өлкөсү болгонун да белгилеген президент Эрдоган: «Африканы тагдырына ортоктош көргөн Түркия, акыркы жылдарда материк менен байланыштарын замананын рухуна ылайыктуу түрдө жаңы түшүнүк менен карай баштады»,-деди.

Президент Эрдоган, Түркиянын жалгыз гана экономикалык өнөктөштүк үчүн эмес, ар түрдүү муктаждык болгондо эч тайсалдабастан африкалык туугандарынын жардамына чуркаган өлкө болгонун айтты.

Түркиянын өнүгүү жана гуманитардык жардам мекемелери ТИКА, Түрк Кызылайы жана дагы көп сандаган мекеменин, Угандада миңдеген гуманитардык жана өнүгүү боюнча жардам долбоорлорун ийгиликтүү актарганын белгилеген Эрдоган, бул иштин алдыбыздагы мезгилде да улана турганын билдирди.

Эрдоган: «Түркия катары эл аралык платформаларда Африканын үнү болууга аракет кылуудабыз»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюумунун эч бир маселеге чечим таба албаганын бул жерде да сындаган Эрдоган: «Дүйнө бештен чоң. Биринчи Дүйнөлүк согуштун шарттарында түзүлгөн көрүнүштү эми адамдарга мажбурлай албайсыздар. Мына Сирия эгер бүгүн проблемасын чече албай жатса туруктуу мүчөлөрдөн бирөө же бир канчасы вето кылып жатат. Убактылуу мүчөлөр да бар. Убактылуу мүчөлөрдүн эч бир баркы, функциясы жок. Биз да айтуудабыз ушул убакта Африкадан туруктуу мүчөлөрдүн арасында бир мүчө барбы? Жок. Бул кандай адилеттик, бул кандай укук? Ушундай укук болмок беле?»,-деп каршылык көрсөттү.

Түркия-Уганда ишкерлер форумуна катышкан жана бул жерде да сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, «Транспорт, энергетика, саламаттык сактоо сыяктуу бардык тармакта ири долбоорлорду аткарууну улантуудабыз. Аймактык жана глобалдык мекемелерде барган сайын өскөн иш-чараны көрсөтүүдөбүз. Бул бир ийгилик аңгемеси болгонуна шек жок. Бул процессте ээ болгон тажрыйбаларыбызды угандалык досторубуз менен бөлүшүүгө даярбыз. Анткени биз экономикалык жана дипломатиялык күчүбүздү досторубуз менен бөлүшүүнү негиз кылып алган түшүнүк менен иштейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар