Биз террор менен күрөшүп жаткан өлкөбүз
Эрдоган террор уюму ПКК тууралуу, «Эмне кылышса дагы акырында жеңип чыккан биз болобуз»,-деди.
![Биз террор менен күрөшүп жаткан өлкөбүз](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/039c/6d58/ed29/574a6bcb7797b.jpg?time=1718877957)
Президент Режеп Таййип Эрдоган террор уюму ПКК тууралуу, «Эмне кылышса дагы акырында жеңип чыккан биз болобуз»,-деди.
Президент Эрдоган Диярбакырга барганда эң маанилүү жолугушууларынан бирин да Дүрүмлүдө 12-майда террор уюму ПКК тарабынан 15 тонна жарылуучу зат жүктөлгөн жүк машина жардырылган, 16 киши каза болгон 23 киши жаракат алган Танышык айылына жасады.
Президент, премьер-министр жана министрлер менен бирге көңүл айтуу үйүнө зыярат кылып, көңүл айтты.
Түркиянын террор менен күрөшүп жатканын айткан Эрдоган: «Өлкөбүздүн өнүгүүсүн көрө албагандар ичкериде дагы тышкарыда дагы акыл үйрөтүүгө аракет кылып жатышат. Буларды жогорудан бирөөлөр башкарууда»,-деди.
«Мамлекетибиз күчтүү» деген Эрдоган, шейит үй-бүлөлөрүнө да «аркаңарда биз барбыз» деген билдирүүсүн айтты.
Президент бүткүл шейит үй-бүлөлөрүнүн бул процессте ортого салган сабырдуулугу мактоого арзырлык экенин сөз кылды.
Эрдоган сөзүндө так маалымат берип, «Эч кандай шек санабаңыздар, бул иште ийгиликке жетишебиз»,-деди.
Президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган жана премьер-министр Йылдырымдын жубайы Семиха Йылдырым да аялдар топтолгон көңүл айтуу үйүнө зыярат кылышты.