Билал Эрдоган Босния - Герцеговинада

Герцеговинадагы 100 жетим балага велосипед, спорттук материалдар жана кийим – кече таркатылды

499573
Билал Эрдоган Босния - Герцеговинада

Ар дайым Босния – Герцеговинага жардам берген Түркия бул жолу жетим балдарды кубантты. Босния – Герцеговинадагы 100 жетим балага велосипед, спорттук материалдар жана кийим – кече таркатылды.

Дүйнөлүк этникалык спорттор конфедерациясынын төрагасы жана жаачылар фондунун мүчөсү Билал Эрдоган Сараеводо өткөрүлгөн аземде Түркия менен Босния – Герцеговинанын ортосунда жүздөгөн жыл мурункусуна таянган жакындыктын бар экендигин айтты.

Сараево билим берүүнү кеңейтүү фондунун төрагасы Хасан Топалоглу да жетим балдарга берилген жардамдардын артаарын билдирди.

Билал Эрдоган аземден кийин Эл аралык Сараево университетинин студенттери менен жолугушту. Билал Эрдоган бул жерде : «Спортто өз спортубузду, музыкада өз музыкабызды, көркөм өнөрдө өз өнөрүбүздү алдыга чыгарып келечекке ишенимдүү кадам таштообуз керек»,- деди.

Студенттердин каалоосу болсо президент Р. Т. Эрдогандын бүтүрүү аземдерине катышуусу болду.

 



Тектеш кабарлар