БУУнун "Эң аз өнүккөн өлкөлөр жыйыны" башталды

Чавушоглу БУУнун Түркиянын жетекчилигинде Антальяда өткөргөн «Эң аз өнүккөн өлкөлөр жыйынынын» ачылышында сөз сүйлөдү

498980
БУУнун "Эң аз өнүккөн өлкөлөр жыйыны" башталды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Түркиянын эң аз өнүккөн өлкөлөргө жылда 300 миллион доллар салым кошконун билдирди.

Чавушоглу БУУнун Түркиянын жетекчилигинде Антальяда өткөргөн «Эң аз өнүккөн өлкөлөр жыйынынын» ачылышында сөз сүйлөдү. Сөзүндө өлкөлөрдөгү негизги маселелердин жакырдык жана жумушсуздук экендигине көңүлдөрдү бурган Чавушоглу : « Эгерде бирдикте иштей турган болсок дагы бай жана дагы адилеттүү дүйнөнү түзө алабыз»,- деди. Чавушоглу акыркы жылдарда эң аз өнүккөн өлкөлөргө бериле турган жардамдарда төмөндөөнүн болгондугун айтты.

Антальяда өткөрүлгөн «Эң аз өнүккөн өлкөлөргө карата Стамбул кыймылы программасынын жогорку деңгээлдеги карап чыгуу жыйынына» катышуу үчүн көп сандаган министр жана жогорку мартабалуу өкүл  келди.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу  конок министр жана өкмөттүн өкүлдөрү менен фотографияга түштү. Жыйын жогорку деңгээлдеги саясий  өкүлдөр менен бирге менчик сектор, көп тараптуу уюмдар, жарандык коом жана академиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Эң аз өнүккөн өлкөлөр эл аралык коомчулуктун орчундуу маселеси. Жалпы калкынын саны 880 миллионго жетет, бирок глобалдык кирешенин 20 пайызына, сооданын 1 пайызына ээ.



Тектеш кабарлар