Президент Эрдоган премьер - министрди куттуктады
Президент Р. Т. Эрдоган премьер – министр Бинали Йылдырымды куттуктап ийгилик каалады
497392
Президент Р. Т. Эрдоган кызматты өткөрүп алган Түркия республикасынын 65 - өкмөтүн жана премьер – министр Бинали Йылдырымды куттуктап ийгилик каалады. Президент Эрдоган социалдык медиа эсебинен берген маалыматында : «Бүгүн кызматты өткөрүп алган Түркия республикасынын 65 - өкмөтүн жана урматтуу премьер – министр Бинали Йылдырымды куттуктаймын, ийгилик каалаймын»,- деди. Бинали Йылдырым 22 - май жекшемби күнү болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын кезектеги конгрессинде партиянын лидери болуп шайланып, кызматын Ахмет Давутоглунан өткөрүп алды. Йылдырым ошол эле күнү президент Эрдоган тарабынан өкмөттү куруу менен милдеттендирилген.