Өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Жаңы өкмөттүн программасы да бүгүн Түркия Улуу Улуттук Жыйынында окулду.

497082
Өкмөттүн жаңы курамы бекитилди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өкмөттү куруу менен милдеттендирген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Бинали Йылдырым сунуштаган кабинет тизмесин бекитти. Ушуга караганда Нуман Куртулмуш, Нуреттин Жаники, Тугрул Түркеш, Мехмет Шимшек жана Вейси Кайнак вице – премьер болот. Жаңы кабинетте Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү катары Өмер Челик дайындалды.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу болсо кызматын улантат. 65 -  өкмөттө бир гана аял министр үй – бүлө жана социалдык саясаттар министрлигине алып келинген Фатма Бетүл Саян болот.

Кабинеттин тизмесин жарыялаган АК партиянын жетекчиси Бинали Йылдырым, Түркия Улуу Улуттук Жыйынга барып партиясынын фракциясын жетектеди. Йылдырым ал жердеги сөзүндө аймагында болуп жаткан баш аламандыктын Түркиянын аймагындагы маанисин дагы да арттырганын баса белгиледи.

Бинали Йылдырым: "Мына ушундай аң-сезим менен досторубуздун санын көбөйтүп, душмандарыбыздын санын азайтабыз",-деп айтты.

Йылдырым андан соң премьерлик кызматты өткөрүп алыш үчүн Чанкая сарайына барды. Жаңы өкмөттүн программасы да бүгүн Түркия Улуу Улуттук Жыйынында окулду. Эми 2 күндөн кийин жаңы өкмөткө ишеним добушу берилип кызматын расмий баштайт.

 



Тектеш кабарлар