Жаңы өкмөттү куроо процесси башталды

Президент Эрдоган Бинали Йылдырымды жаңы өкмөттү түзүү үчүн милдеттендирди.

495735
Жаңы өкмөттү куроо процесси башталды

Адилеттик жана өнүгүү партиясында (АК Партия) курултайдан кийин 65-Өкмөттү куроо процесси башталды.

Мыйзамдарга ылайык алгач премьер-министр Ахмет Давутоглу, Президенттик комплекске барып президент Режеп Таййип Эрдоганга кызматтан кетүү арызын тапшырды.

Андан соң АК Партиянын жаңы жетекчиси Бинали Йылдырым Президенттик комплекске барды.

Эрдоган жаңы кабинеттин ылдам түрдө куралышы керектигин баса белгиледи жана Йылдырымды жаңы өкмөттү түзүү үчүн милдеттендирди.

Бинали Йылдырым, алдыбыздагы күндөрдө жаңы кабинетти түзүп анын бекитилиши үчүн Эрдоганга сунуштайт. Андан соң өкмөт программасы иштелип чыгат.

65-Өкмөттүн программасы Түркия Улуу Улуттук Жыйынында окулат. Ишеним добушу берилет.

АК Партиянын жаңыланган Борбордук чечим чыгарууну башкаруу кеңеши (MKYK) да жуманын алгачкы күнүндө кызуу иштей баштайт.

Партия жетекчиси Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде чогула турган жаңы Борбордук чечим чыгарууну башкаруу кеңешинде Борбордук аткаруу кеңешинин белгилениши күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар