АК Партиянын курултайы башталды

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (Ак Партия) 2-Кезексиз чоң курултайында үчүнчү жетекчи шайланат.

495495
АК Партиянын курултайы башталды

Түркияны 14 жылдан бери үзгүлтүксүз башкарып келе жаткан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (Ак Партия) 2-Кезексиз чоң курултайында үчүнчү жетекчи шайланат.

АК Паритиянын 2-Кезексиз курултайы Анкарадагы Арена спорт залында өтүп жатат.

Ак Партиянын жетекчиси жана өкмөт башчы Ахмет Давутоглунун 5-майда 2-Кезексиз курултайды өткөрүү чакырыгы боюнча партияда башталган иштер аяктап, курултай өткөрүлө турган залда даярдыктар да бүттү.

Курултай үчүн чыгарылган 6 миң чакыруу кагазы Египет, Израиль, Бангладеш, Сирия жана Орусиядан тышкаркы өлкө ичиндеги элчиликтерге, миссия жетекчилерине, бардык жарандык коомдук уюмдарга, профсоюздарга, ХДПдан тышкары саясий партияларга жөнөтүлдү. Убакыттын тардыгынан улам чет өлкөдөн кандайдыр бир конок чакырылган жок.

11-Президент Абдуллах Гүл менен партиянын курулган күнүнөн тарта ар кайсы областтарда кызмат кылган област башчылары, 22,23,24 жана 25-чакырылыштагы эл өкүлдөрү, учурдагы област башчылары, мэрлер да курултайга чакырылды.

Орото эсеп менен 50 миңдей уюмдун мүчөсүнүн конгресске катышуусу күтүлүүдө.

1470 делегат добуш бере турган курултайда, алгач премьер-министр Ахмет Давутоглу, андан соң жаңы талапкер Бинали Йылдырым сөз сүйлөйт. Андан соң добуш берүүлөр башталат. Жетекчиликке талапкер жана партиянын калган башкаруу органдары болуп эки түрдүү добуш берүү боло турган шайлоонун саат 16:00ларда аякташы пландалууда.

Курултайда партиянын баскычтарында кызмат кылган башкаруучу позициясындагы 800 чакты киши менен болгон кеңешүүнүн жыйынтыгында уюм тарабынан жалгыз талапкер болуп  көрсөтүлгөн транспорт, байланыш жана деңиз иштери министри Бинали Йылдырымдын, 2014-жылдын 27-августунан бери 20 ай 25 күндөн бери АК Партиянын жетекчилигин жүргүзгөн Давутоглунан кызматты өткөрүп алышы жана АК Папртиянын 3-жетекчиси болушу күтүлүүдө.

Арена спорт залында партияга жетекчилик кылган президент Режеп Таййип Эрдоган, премьер-министр Ахмет Давутоглу жана жетекчиликке 3-талапкер Бинали Йылдырымдын фотосүрөттөрү менен курултайдын башкы темасы болгон «Куттуу жүрүштү улантуу» жана «Талыкпастан 100 жылга», «Бир улут, бир желек, бир мекен, бир мамлекет» жазуусу бар плакаттар илинди.



Тектеш кабарлар