Эч бир дипломаттын кызмат кылган өлкөсүндө эреже бузууга акысы жок

Волкан Бозкыр, ЕБнин Түркия боюнча делегациясынын башчысы, элчи Хансйорг Хабердин сөздөрүнө байланыштуу сереп салды.

491083
Эч бир дипломаттын кызмат кылган өлкөсүндө эреже бузууга акысы жок

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр, ЕБнин Түркия боюнча делегациясынын башчысы, элчи Хансйорг Хабердин сөздөрүнө байланыштуу сереп салды.

 Анда ЕБнин бул немис элчиси, «Немис сыяктуу, түрк сыяктуу» деп жатканда эмне дегиси келгенин түрк улутуна ачыктап бериши керек»-деп айтат министр Бозкыр.

Волкан Бозкыр социалдык бөлүшүү барагы твиттердеги бөлүшүүсүндө, Анкарадагы ЕБнин элчиси Хансйорг Хабердин басма сөзгө маалымат берип жатканда бир элчиге жарашпай турган сөздөрдү айтканын баса белгиледи.

Бозкыр, андагы бөлүшүүсүндө буларга орун берди: «ЕБнин немис элчиси, «немис сыяктуу жана түрк сыяктуу» деп жатканда эмне дегиси келгенин түрк улутуна ачыктап бериши керек. Эч бир дипломат жана өзгөчө элчи кызмат кылып жаткан өлкөнүн президентине мындай түрдө кайрылууга укугу жок.  Бул дипломатиянын биринчи эрежеси болуп саналат. Түркия-ЕБ карым катнаштары, ушундай түрдөгү дипломатиялык каталарды жана Түркияга үстүртөн караган жана терс көз карашты көтөрө албай турганчалык орчундуу мезгилди өткөрүүдө. Немис экени менен мактанган ЕБнин элчиси Хабердин азыр ушул жагдайга ачыктоо жасашы же «керектүү» дипломатияны жасашы зарыл».

ЕБнин Түркия боюнча делегациясынын башчысы, элчи Хансйорг Хабер журналисттерге визасыз режим туурасында маалымат берген жарыясында, ЕБнин  визасыз режим үчүн Түркиянын орундатышын талап кылган 72 критерийдин 2013-жылдан баштап белгилүү болгонун маалымдап, «Бир макалабыз бар; «Түрк сыяктуу баштап, немис сыяктуу бүтүрүү»-деген, бул жерде тескериси болду»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар