Диярбакырда террордук кол салуу болду

Диярбакырда террористтер тарабынан бомбалуу кол салуу болуп 3 киши каза тапты.

488270
Диярбакырда террордук кол салуу болду

Диярбакырда полициянын кичиавтобусу өткөн убакта террористтер тарабынан бомбалуу кол салуу болуп 3 киши каза тапты.

Губернаторлуктан маалымдаганына караганда кол салууда 12си коопсуздук кызматкери болуп бардыгы 40 киши жаракат алды.

Булардан 16сы жеткирилген ооруканаларда жаралары таңылып чыгарылды.

Кол салуу камактагы 7 террор шектүүсүн полициянын кичиавтобусу менен медициналык текшерүүгө алып бара жатканда болду.

Жарылуудан кийин көп сандаган полиция жана тез жардам тобу өткөрүлгөн аймакта, жолдо чуңкур пайда болуп, чөйрөдөгү унаалар зыянга учураганы көрүндү.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу, Диярбакырдын губернатору Хүсейин Аксой менен телефон аркылуу байланышып кеңири маалымат алды.

Шаарда жикчил террор уюму ПККнын 40 күн мурдагы мыкаачылык кол салуусунда да 7 коопсуздук кызматкери шейит болгон.



Тектеш кабарлар