Тышкы иштер министри Чавушоглу Йөрүк фестивалына катышты

Экинчи Эл аралык Йөрүк фестивалы Антальяда өткөрүлдү

485941
Тышкы иштер министри Чавушоглу Йөрүк фестивалына катышты

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу түрк тектештерин эч качан  жалгыз калтырышпагандарын айтты. Экинчи Эл аралык Йөрүк фестивалы Антальяда өткөрүлдү. Фестивалга тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу катышты. Анталья мэрдигинин Анталья йөрүктөр коому уюштурган Эл аралык Йөрүк фестивалы Республика аянтындагы ачылуу аземи менен башталды. Аземде йөрүктөрдүн төөлөр менен көчү жандандырылды. Чавушоглу : «Бир шаар заманбапташуу үчүн өз маданиятын унутуп башкаларды туурай баштаса анда өз турмушу бүткөн болот. Бул заманбапташуу болбойт. Йөрүк маданиятын акырына чейин жашатабыз»,- деди. Балкандардагы йөрүктөргө да ээ чыгышкандарын баса белгилеген Чавушоглу : «Ал жердеги боордошторубуз жүз жылдардан бери ата мекени Түркияга келүүнү күтүштү. Жүз  жылдан бери күткөн күчтүү Түркия келди.  Кандай муктаждыктары бар болсо камсыз кылабыз. Бир гана Балкандарда эле эмес, дүйнөнүн  кай жеринде тектештерибиз бар болсо жалгыз калтырбайбыз»,- деди. Фестивалга Азербайжан, Македония, Албания, Косова, Казакстан жана Дагестан менен Түркиядан да 60 облустан келген йөрүк коомдору катышты.



Тектеш кабарлар