Шейит

Шейит полиция кызматкеринин жаназасы туулган жери Элазыгга алып барылат

485492
Шейит

Газиантепте 1 -  майда бомбалуу унаа менен жасалган кол салууда оор жараланган полиция кызматкери дарыланып жаткан ооруканада каза болду. Шейит болгон полиция кызматкердин жаназасы туулган жери Элазыгга алып барылат.

Газиантеп коопсуздук директорлугуна бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда эки полиция шейит болуп, жыйырма сегизи полиция болгон отуз беш киши жараланган.

Окуя тууралуу жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде камоого алынган элүү эки кишиден отуз экиси камоого алынып он тогуз киши юстициялык текшерүүгө алуу шарты менен камоосуз соттолуу үчүн эркин койо берилген.



Тектеш кабарлар