Түркия өзүн өзү камсыздагыдай абалга келиши керек

Эрдоган Түркиянын коргоо өнөр жайынын чет өлкөгө көз карандылыгы жыл өткөн сайын азайып баратканын айтты.

481751
Түркия өзүн өзү камсыздагыдай абалга келиши керек

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Түркиянын коргоо өнөр жайынын чет өлкөгө көз карандылыгы жыл өткөн сайын азайып баратканын айтты.

«2002-жылы 80 пайыз чет өлкөгө көз карандылык болсо, учурда бул сан жарым-жартылай азайды»,-деп айткан Эрдоган, максаттарынын 2023-жылы коргоо өнөр жайында чет өлкөгө көз карандылыкты толугу менен жоюу экенин белгилеп кетти.

Эрдоган Тузла Седеф кеме чыгаруучу жайдагы көп максаттуу амфибия чабуул кемеси «Анадолунун» курулушунун башталыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.

Күчтөнгөн, өнүккөн Түркиянын барган сайын өз чек араларынын тышында дагы таасирдүү түрдө өз ишин улантышы керектигин баса белгилеген Эрдоган: «Бир тараптан өлкөбүзгө карай коркунучтар күчөгөн, экинчи тараптан эл аралык аренада бакыйып көрүнүп турууга мажбур болгон ушул мезгилде ташталган бул кадамды чындыгында кеч ташталган кадам катары караймын. Анткени бул улут өз киндигин өзү кескенге аргасыз. Мунун башка чарасы жок»,-деп айтты.

Эрдоган: «Коргоо өнөр жайы тармагындагы учурдагы долбоорлорду сезимталдык менен байкап жатканда, коркунучтар жана мүмкүнчүлүктөр жагынан өлкөбүздүн жакшы абалына ылайыктуу даярдыктарды да ылдамдатышыбыз керек»,-деди жана жергиликтүү өндүрүш болгон куралдуу учкучсуз учуучу унаанын машыгууларында жетишкен ийгиликтерине ыраазы болгонун сөз кылды.

Эрдоган курула баштаган жана 4 жылда бүтүрүлүшү пландалган Түркиянын амфибия чабуул кемесинин, тандамал учак кемесин өндүрүү жолунда ташталган алгачкы кадам катары көргөндөрүн да сөз кылды.

Түркиянын өзүн камсыздагыдай абалга келиши керектигин баса белгилеген президент Эрдоган: «Чыгыш жана Түштүк Чыгыш аймагыбызда болуп жаткан кагылышууларды шылтоо кылып, акчасы менен болсо да бизге сатылбаган, берилбеген куралдар бар учурда. Булар НАТОдо бизге шериктеш болгон өлкөлөр. Сириядагы кризистин себебинен өлкөбүзгө карай коркунучтар уланып жатканда, террор уюмдарына курал жардамын берегендер, тилекке каршы дос деп көргөн Түркияга бул жардамын бербей жатышат. Ошондуктан өзүбүздү камсыздагыдай абалга келишибиз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар