Жаңы конституцияда секулярдык түшүнүккө орун берилет

Премьер-министр Ахмет Давутоглу, партиясынын башкы борборунда кеңейтилген област башчылары жыйналышына катышты.

479715
Жаңы конституцияда секулярдык түшүнүккө орун берилет

Премьер-министр Ахмет Давутоглу диктатордук болбогон, эркиндикчил секулярдык түшүнүккө жаңы конституцияда орун бере тургандарын айтты.
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси жана премьер-министр Ахмет Давутоглу, партиясынын башкы борборунда кеңейтилген област башчылары жыйналышына катышты.
Давутоглу андагы сөзүндө, "Террор менен чечкиндүү күрөш жүргүзүп, отурукташкан жерлерибизди бир-бирден коопсуздукка жеткирүүдөбүз. Улутубузду террордон толугу менен куткарганга дейре жүргүзүп жаткан күрөштү ошондой эле чечкиндүүлүк менен улантабыз",-деди.
Сөзүндө жаңы конституция жазуу эмгектерине токтолгон Давутоглу, бул темада улутка берилген убадаларынын бар экенин баса белгилеп, кеңири масштабдуу кеңешүүлөрдөн кийин, бул жумадан баштап жазуу иштерин баштагандарын айтты. 

Давутоглу: "АК Партия керек болсо партиянын уставында, керек болсо партиянын программасында, керек болсо ушул убакка дейре даярдаган жана коомдук пикирге сунуштаган конституция долбоорлорунда, берки өзгөчөлүктөр менен катар секулярдык принцибине да орун берди. Ушул алкакта даярдалган жаңы конституцияда да секулярдык принциби жеке кишилердин дин жана ишенич эркиндигин гарантияга алган, мамлекеттин бардык ишенич топторунун бирдей аралыкта болушун кепилдикке алган принцип катары орун алат",-деди.



Тектеш кабарлар