Премьер - министр Катарга барат
Давутоглу 27 – 28 - апрель күндөрү өткөрө турган сапарда Катардын эмири Темим бин Хамад Ал Сани, премьер – министр жана ички иштер министри Шейх Абдуллах Насыр Бин Халифе Ал Сани менен жолугушат
479116
![Премьер - министр Катарга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8672/5ef9/a33a/56f7e3db028a5.jpg?time=1718881908)
Премьер – министрликтин басма сөз кеңешчилигинен берилген маалыматка караганда Давутоглу 27 – 28 - апрель күндөрү өткөрө турган сапарда Катардын эмири Темим бин Хамад Ал Сани, премьер – министр жана ички иштер министри Шейх Абдуллах Насыр Бин Халифе Ал Сани менен жолугушат. Жолугушууларда Түркия – Катар карым – катнаштары менен аймактык жана эл аралык абалдар да каралат. Катар иш чөйрөлөрү менен да жолугуша турган премьер – министр Ахмет Давутоглу бул өлкөдө жайгаштырылган түрк бөлүгүн да зыярат кылат. Давутоглу айрыкча Катар университетинде конференция өткөрөт.