Уюмдашкан өнөр жай аймактарын көбөйтөбүз

«1 миллион кошумча жумуш менен камсыздоону максаттап жатабыз»,-дейт министр Фикри Ышык.

477425
Уюмдашкан өнөр жай аймактарын көбөйтөбүз

Илим, өнөр жай жана технология министри Фикри Ышык, 2023-жылга чейин 1 миллион кошумча жумуш менен камсыздоону максаттагандарын айтты.

Министр Фикри Ышык, Адананын уюмдашкан өнөр жай аймагындагы ишканалардын тобу менен ачылышына катышып, андагы сөзүндө Самсун машина өнөр жайы ишканасы менен 1 миллиард 223 миллион лиралык инвестиция менен жасалган 48 ишкананын ачылышынын толкундануусун жана сыймыгын көргөндөрүн айтты.

Адананын Түркиянын эң маанилүү өнөр жай шаарларынан бири экендигине көңүл бурган Фикри Ышык, «Хажы Сабанжы» атындагы уюмдашкан өнөр жай аймагынын жумуш менен камсыздоо көлөмүнүн 33 миңден ашканын, 7 кичине өнөр жай аймагынын жумуш менен камсыздоо көлөмүнүн болсо 7 миңге жеткенин айтты.

Өнөр жайдын өнүгүшү жагынан уюмдашкан өнөр жай аймактарына, индустрия аймактарына жана өнөр жай шаарчаларына маани бергендерин сөз кылган министр, «Учурда өзгөчө Түркияда 224ү иштеп турган 285 уюмдашкан өнөр жай аймагыбызга 1 миллион 600 миң жумушчу алуудабыз. 2023-жылга чейин дагы 79 уюмдашкан өнөр жай аймагын куруп, 1 миллион кошумча жумуш менен камсыздоону максаттап жатабыз. Буюрса быйыл жалгыз уюмдашкан өнөр жай аймактарынын инвестициясы үчүн 75 миллион лира каржылоону максаттоодобуз. Өзгөчө жаңы муундагы өнөр жай аймактарынын курулушу үчүн тыгыз иштөөдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар