Анкара станциясында болгон жардыруунун аткаруучусу кармалды

10 – октябрда Анкара вокзалынын алдында 103 кишинин өлүмүнө себеп болгон кол салуунун аткаруучусу Нихат Үркмез кармалып камоого алынды

476067
Анкара станциясында болгон жардыруунун аткаруучусу кармалды

10 – октябрда Анкара вокзалынын алдында 103 кишинин өлүмүнө себеп болгон кол салуунун аткаруучусу Нихат Үркмез кармалып камоого алынды. Кол салуу жолдомосун берген Юнус Дурмаздын компьютеринен чыккан фотографиялар Анкара Республикалык Прокуратурасы тарабынан облустук коопсуздук директорлугуна жиберилген.

Бингөл коопсуздук директорлугунун топтору фотографиялардан кол салуунун аткаруучусу Халил Ибрахим Дургун менен бирге көрүнгөн ДЕАШ террордук уюмунун мүчөсү Нихат Үркмездин Бингөлдөн Элазыгга баргандыгын аныктады.

Элазыг, Бингөл жана Анкара коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү топторунун биргелеше иштөөсү менен Үркмез Элазыгда кармалып камоого алынды. Анкарага алып келинген Үркмез чыгарылган сот тарабынан камоого алынды.



Тектеш кабарлар