Түркиянын жаңы көз карашы-13

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы.

472691
Түркиянын жаңы көз карашы-13

Атактуу ойчул Ортега Y. Гассет «Искусттвону гумандуулуктан ажыратуу» (The Dehumanization of Art) аттуу китебинде бир эле окуяга күбө болгон бир канча кишинин бул окуяны кантип жана эмне үчүн башкача түшүнгөндөрүн мындай түшүндөрөт: «Атактуу бир адам өлүм төшөгүндө жатканда, жубайы төшөктүн жанына келет. Доктур болсо жан далбастап жаткан кишинин кан басымын өлчөөдө. Арткы планда дагы эки киши бар. Атайын себеп менен ошол жерде болгон бир кабарчы жана капыстан ал жерге барып калган сүрөтчү. Бирок бул бир эле окуя. Ушунчалык ар башка көрүнүштөрдүн орток бир кызыкчылыгы болгонун айтыш кыйын. Кайгыруудан башка колунан эч нерсе келбеген жубай менен сахнаны калтырбай байкап жаткан сүрөтчүнүн ортосундагы айырма ушунчалык чоң болгондуктан, ар бир кишинин бир эле окуяга күбө болгондорун айтуу мүмкүн эмес. Андай болсо ачык айтылса болот. Ушул эле чындык ар башка көз караш менен каралганда бир топ чындыкка бөлүнүүдө. Бул чындыктардан кайсынысы чындык болду экен жана акыйкаттан чындыкпы? деген суроо түшөт эсибизге. Жообу кандай чечим чыгарганыбызга байланыштуу болбостон толугу менен абстрактуу болот. Бирөөнү башкасынын ордуна коюп кароо өзүбүздүн көз карашыбызга жараша болот. Бардык чындыктар бирдей жана ар бир көз караш, караган кишинин да көз карашына ылайык болот. Жасай ала турган жалгыз нерсе көз караштарды классификациялоо (бир бирден кашаага алуу) жана арасынан эң ылайыктуусун же ошол замат болгонун белгилөө».

Бир эле окуянын алдында ар башка рефлекстерге ээ болуу албетте табигый абал. Ар ким ээ болгон идеологиянын жана ишеничтин ага чийип берген планынан дүйнөгө карайт жана мында да өөн учурай турган бир абал жок.

Ал эми бул жерде абалды бүдөмүккө түрткөн кишинин өз көз карашын мажбурлашы жана жеке өзүнүн тандоосун так «акыйкат» катары мажбурлоосу болуп саналат.

Бүгүн Европа, өз көз карашын бүткүл дүйнөгө мажбурлоодо. Дүйнөлүк адам укуктары жана демократияга байланыштуу жетишилген тажрыйба сунган мүмкүнчүлүктөрдүн чоң ишеничти камсыздаганы ачык көрүнүп турат. Ал эми абал бир эле учурда туура иштерди кылгандары жана кыла тургандары түшүнүгүн бербейт.

Мисал үчүн Бельгияда болгон жарылууну ушул алкакта карашыбыз керек. Террордун дини, этникалык теги, идеологиясы жана аймагы жок. Чындап эле ошондой. Зомбулук жана террор, эч бир адамзаттын орток кызыкчылыгы менен байланышпайт. Брюсселде жашап же ал жерде болуудан башка эч кандай күнөөсү болбогон адамдарды кыргынга учураткан бирөөнүн кандай идеологиясы болушу мүмкүн? Кайсы ишенич карапайым адамдардын кыргынга учуратылышына уруксат бериптир? Кайсы этникалык тек өз жашоосун башкасынын өлүмү аркылуу кура алат?

Террор учурда дүйнөнүн эң маанилүү маселесине айланды. Террор менен күрөшүүдө эки тема баш тартылгыс. Бирөө эл аралык кызматташтык. Экинчиси терроризм менен күрөшүү. Албетте ар бир террористке каршы санкция болот бирок террорго колдоо көрсөткөн көз караштын да жок кылынышы керек.

Эч бир адамзат баалуулугу адамзатка жатпаган ыкмалар, жырткычтай кыргындар менен жок кылына албайт. Бүгүнкү күндө дүйнөдө батыш бул темадагы эң кайгылуу тажрыйбаларга ээ. Жеке кишилик түшүнүгүн мажбурлаган башкаруулардын жана идеологиялардын кантип бир бирден фашизмге айлангандарын көрүштү.

Бардыгбыз чогуу террорго каршы туруу жана террор жаралаган жүрөктөрдү айыктурууга милдеттүү болгон дүйнөдүбүз. Анткени дүйнө жүзү чек билбестен аралашкан жана бири-бирине интеграцияланган. Анкарадагы жарылуу Брюсселде, Брюсселдеги кол салуу Анкарада...

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар