Түркия аяр мамиле жасаган маселелер бар

Европа Парламентинде бүгүн маанилүү отчет добушка коюлат

470969
Түркия аяр мамиле жасаган маселелер бар

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Европа Парламентиндеги эл өкүлдөрүнүн бүгүн добушка коюла турган Түркиянын өнүгүү отчетун четке кага тургандарын үмүт кылганын айтты.

Австриянын борбору Венага барган министр Бозкыр, Европа Парламентинде карала турган аты аталган отчеттун долбоорунда 1915-жылдагы окуяларга шилтеме көрсөтүлгөндүгү жөнүндөгү маалыматтарга сереп салды.

Долбоорго караганда отчеттун учурдагы абалында 1915-жылдагы окуялардын «жалган геноцид» деп мүнөздөлгөнүн белгилеген Волкан Бозкыр, Түркиянын өткөн жылдагы отчету ушундай эле себеп менен кабыл алынбай, Брюсселдеги Европа Биримдигинин туруктуу өкүлү аркылуу өткөрүлүп берилгендигин эске салды.

Бозкыр быйыл да Түркия баяндамачысы Кэти Пири жазган тексте ушул сөздөр дагы орун алган учурда, отчеттун дагы бир жолу жараксыз деп кабыл алынаарын белгиледи.

Түркия аяр мамиле кылган маселелердин бар экенин баса белгилеген Волкан Боскыр: «Биринчиси 1915-жылдагы окуяларга геноцид деп жаңылыш баа берилген сөздүн кириши. Экинчиси ПКК террордук уюмдун Европа Биримдигинин террордук уюмдарынын тизмесинен чыгарылышы талабы. Үчүнчүсү да Түркиянын сүйлөшүү процессинин акырдатылышы, токтотулушу, Түркиянын мүчө болуусу үчүн түзүлгөн фонддордун токтотулушу сыяктуу сунуштун ушул отчетто орун алышы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар