Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жыйын үчүн келген кесиптештери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрдү

470021
Ислам Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Стамбулда эртең баштала турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 13 - саммитинен мурда тышкы иштер министрлеринин кеңеш жыйыны өткөрүлдү.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жыйын үчүн келген кесиптештери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрдү. Жолугушууларда аймактык абалдар жана эки тараптуу карым – катнаштар каралды. Чавушоглу биринчи жолугушуусун Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Малики менен өткөрдү. Жолугушууда Малики Чавушоглуна Израилдин отурукташуу иштери менен палестиналыктарга таандык үйлөрдү кулатуу саясаты жана палестиналыктардын укуктарынын эл аралык тармакта сакталуусу үчүн ташталган кадамдар тууралуу маалымат берди. Чавушоглу да : «Түркиянын Палестинага берген күчтүү колдоосу улантылат»,- деди.

Чавушоглу андан кийин Бангладештин тышкы иштер министри Эбул Хасан Махмуд Али менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда инвесциялардын арттырылуусу, иш форуму жана биргелешкен экономикалык комиссия сыяктуу механизмдердин иштетилиши керектиги баса белгиленди.

Афганстандын тышкы иштер министри Селахаддин Раббани менен өткөрүлгөн сүйлөшүүдө да эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге террор менен күрөшүү тууралуу кызматташтыктын мааниси баса белгиленди.

Тышкы иштер министри Чавушоглунун башка жолугушуулары болсо Мали жана Гвинеянын тышкы иштер министрлери менен өттү.

Чавушоглунун Малинин тышкы иштер министри менен жолугушуусунда терроризм менен биргеликте күрөшүү керектиги баса белгиленди, Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКАнын Малидеги иштери тууралуу да пикир алышууларда болушту. Чавушоглу Гвинеянын тышкы иштер министри Камара менен да гвинеялык дипломаттарга Түркияда билим берүү тууралуу пикир алышышты.



Тектеш кабарлар