Түркиянын тышкы иштер министрлигинин жарыясы

Түркия эл аралык коалиция тарабынан Мусулда ДЕАШка каршы операция жүргүзүлгөнүн жарыялады.

464257
Түркиянын тышкы иштер министрлигинин жарыясы

Түркия, 2014-жылдан бери ДЕАШтын басып алуусу астында жаткан жана ДЕАШ террористтеринин башкаруучулары орун алганы жөнүндө чалгындоо маалыматы алынган Түркиянын Мусулдагы консулдугунун жайгашкан орду, эл аралык коалицияга мүчө өлкөлөргө таандык согуштук учактар тарабынан бутага алынып атылганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги бул темага байланыштуу жарыясында, операциянын түнкү саат 3:00дө жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Анда операциянын даярдык жана аткарылышына байланыштуу бардык баскычтарда Түркиянын көз карашы жана макулдугу алынганы билдирилди.

Тышкы иштер министрлиги айрыкча, ДЕАШ менен күрөшүүгө, иш-чараларын баштаган күндөн бери кошулган Түркиянын эл аралык коалиция менен координациялуу жана кызматташуу менен аракеттерин уланта турганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар