Бир ууч террористтин чыгымы бүтүндөй мусулмандарга жүктөлө албайт

АКШнын Мэриленд штатындагы Түрк-Америка маданият жана цивилизация борборунун ачылышы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан жасалды.

463536
Бир ууч террористтин чыгымы бүтүндөй мусулмандарга жүктөлө албайт

Америка Кошмо Штаттарынын Мэриленд штатындагы Түрк-Америка маданият жана цивилизация борборунун ачылышы президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан жасалды.

Эрдоган ачылыш сөзүндө бул борбордун бүтүндөй мусулмандарга пайдалуу болушун тиледи.

Дүйнөдө жана АКШда тилекке каршы, мусулмандарды жактырбоочулук жана жаман ойлор күчөп бараткан мезгилден өтүлүп жатканын сөз кылган Эрдоган, ачылышын жасаган комплекстин Исламга карата жаман ойлордун алдын алуу үчүн маанилүү кадам болгонун жана чоң мааниси болгонун айтты.

Президент: «Терроризмдин дини, улуту, расасы, теги эч качан жок. Террорист-адамзатка каршы кылган кылмышынын себебинен бул сыпатка ээ болгон киши. 11-сентябрда бир ууч террористтин Америкада кылган баш аламандыктын чыгымын бүтүндөй мусулмандарга төлөтүү эч качан кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Батыштын терроризмге каршы бир жактуу мамилесин сындаган президент Эрдоган, Бельгиядагы жарылууларды эске салып, «Брюсселдеги окуянын чыккынчысы аларга биз кабар берген террорист болуп чыкты. Бельгия бийлигине муну билдирдик. Бельгия бийлиги «мунун делосунда эч нерсе жок» деди жана бомба жарылды. Ким чынчыл? Биз чынчылбыз, биз колдошууга, бөлүшүүгө даярбыз»,-деди.

Президент АКШдагы президенттик жарышында Исламга каршы көз караштары болгон талапкерлерди да ысымын айтпастан сынга алды жана алардын мындай көз карашты жактагандарын таң калып байкаганын айтты.

АКШда жашаган мусулман коомчулуктун америкалык же мусулмандыктын ортосунда тандоого мажбурлана албай турганын баса белгилеген Эрдоган, жек көрүү жана жаман ойго каршы чогуу күрөшүү чакырыгын салды.

Сөз сүйлөөдөн кийин Түрк-Америка маданият жана цивилизациялар борборунун расмий ачылышы жасалды.

Ачылышта ар башка дин жана улуттардан алдыңкы өкүлдөр орун алышты. Түрктөр сыяктуу эле чет элдиктердин да кызыгуусун тарткан мечит, 16-кылымдагы салттык Осмон архитектурасына ылайык салынды.

АКШдагы эки мунаралуу жалгыз мечит болгон ибадатканада короосу менен кошкондо 3 миң киши бир убакта намаз окуй алышат.

Орто эсеп менен 16 дөнүмдүк аянтка салынган борбордогу мечиттин астында 300 чарчы метр кеңдикте Ислам чыгармалары музейи орун алды.

Борбордун ичинде айрыкча Селжук аржитектруасына ылайык курулган маданият борборунда болсо китепкана, конференция залы, көргөзмө залы, жыйналыш залы менен конок күтүүчү аянты да бар.

Маданият борборунун ичиндеги Ислам изилдөөлөрү борборунда да Түркиядан АКШга бакалавр жана магистр билимин алуу үчүн бара турган окуучуларга кеңешчилик кызматы да берилет.



Тектеш кабарлар