Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун АКШдагы жолугушуулары

Чавушоглу биринчи болуп Эл аралык Атомдук Энергетика мекемесинин баш директору Юкия Аманону кабыл алды

462735
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун АКШдагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Атомдук Коопсуздук саммити үчүн барган Вашингтондо абдан маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Чавушоглу биринчи болуп Эл аралык Атомдук Энергетика мекемесинин баш директору Юкия Аманону кабыл алды. Чавушоглу кесиптешине Түркиянын атомдук энергетика программасы тууралуу маалымат берди.

Чавушоглунун Таиланддын тышкы иштер министри Дон Прамудвина менен өткөргөн жолугушуусунда болсо соода карым – катнаштарынын түрдөнтүлүүсү жана күчтөндүрүлүшү темалары каралды. Чавушоглу андан кийин Австралиянын тышкы иштер министри Жулия Бишоп менен жолугушту. Бул жолугушууда Австралияда өткөрүлө турган Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралияны жолугуштурган MIKTA тышкы иштер министрлеринин жыйыны тууралуу пикир алышууларда болушту.

Мевлют Чавушоглунун кесиптештери менен жолугушуусунда Сириядагы абал жана террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү темалары да каралды.



Тектеш кабарлар