Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун АКШдагы жолугушуулары

Расмий сапар менен АКШга барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушууларынын негизинде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушту

460312
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун АКШдагы жолугушуулары

Расмий сапар менен АКШга барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушууларынын негизинде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушту.

Чавушоглу жолугушуудан мурда өткөрүлгөн пресс – жыйында террордук кол салуулардын бир гана Стамбул, Анкара, Брюсселде эмес экенин, Пакистанда, Африкада жана дүйнөнүн башка бардык жеринде да болгонун айтты.

Керри менен ДЕАШ, Ел Нусра жана ПКК сыяктуу уюмдарга карата күрөштүн күчтөндүрүлүшү тууралуу маселелерди да карашарын белгилеген Чавушоглу : «Бир гана Түркия эмес, Европанын жана бүткүл дүйнөгө каршы коркунуч болгон террорду жеңүүгө мажбурбуз»,- деди.

Кипр маселесинде бул жылдын ичинде бир келишимдин түзүлүшүнөн үмүт кылышкандарын, Түштүк Кипр Рум бөлүгүндөгү шайлоодон кийин бул процесстин ылдамдоосун күтүшкөндөрүн баса белгилеген Чавушоглу түрк тарабы катары буга даяр экендерин айтты.

Жон Керри да ДЕАШ, Нусра фронту сыяктуу террордук кыймылдардын ылдам түрдө ортодон жок кылынышы жана аймакта же өлкөлөргө ырааттуулуктун келиши баарынын пайдасына экенин баса белгиледи.

Качкындардын Түркияга абдан чоң материалдык чыгым алып келгенин баса белгилеген Керри АКШнын бүгүн качкындар үчүн кошумча 20 миллион долларлык жардам берерин билдирди. Тышкы иштер министри Чавушоглу андан кийин Ак үйдүн Эл аралык коопсуздук кеңешчиси Сюзан Райс менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Ак үйдөн жасалган маалыматта Райс менен Чавушоглунун эки өлкөнүн арасындагы коопсуздук жана террор менен күрөшүү темаларын карашкандары белгиленди.

Жолугушууда терроризм менен күрөшүүдө Түркиянын жанында экендерине карата АКШнын убадаларын дагы бир жолу баса белгилеген Райс ДЕАШтын НАТО союздашы Түркияга карата акыркы мезгилдердеги жасалган террордук кол салууларды айыптады.

Сюзан Райс террордук уюм ПККнын кол салууларын айыптады жана мунун соңуна чыгышы керектигин да баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушууларынын алкагында Америка дин иштери борборунда ар башка диндердин өкүлдөрү менен да жолугушат.



Тектеш кабарлар