Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын пресс - жыйыны

Ибрахим Калын президенттик сарайында өткөргөн пресс – жыйынында күн тартиби тууралуу баа берди

459958
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын пресс - жыйыны

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Түркиянын ушул күнгө чейин 120дан ашуун өлкөдөн 37 миңге жакын кишинин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салганын, 3 миңден ашуун кишини да өлкөдөн чыгарганын белгилеп : «Түркия бул жерде өзүнө түшкөн милдетти аткарууда чечкиндүү»,- деди.

Ибрахим Калын президенттик сарайында өткөргөн пресс – жыйынында күн тартиби тууралуу баа берди.

«Дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө террорго байланыштуу бардык кызматташтыкка даяр экенибизди билдирүүдөбүз»,- деген Калын ДЕАШты азыктандырган эң негизги факторлордун бирөөсүнүн Сириядагы согуштун улантылуусу экенин баса белгиледи.

«Сириядагы беш жылга жакын убакыттан бери болуп келе жаткан согушта күнөөсүз кишилерди өлтүрүү улантылууда. Сирия согушу улантылган сайын террордук уюмдардын өздөрүнө жер табууга аракет кылууну жана жайылууну улантат»,- деген Калын Сирия маселеси чечилбестен так жыйынтык алына албай турганын белгиледи.

Брюссель кол салуусунан кийин мусулмандарга карата сезимдердин жок кылынуусу, исламофобиялык сөздөрдүн күч алуусу сыяктуу жаңылыштыктардын дагы бир жолу ортого чыкканын баса белгилеген Калын мындай сөздөрдүн бир гана ДЕАШ сыяктуу, Аль Каида сыяктуу ашыкча террордук уюмдарды күчтөндүрөрүн белгиледи.

Пакистандагы террордук кол салуунун эң катуу түрдө айыптаганын айткан Ибрахим Калын : «Мусулман, христиан, суннит, шиит болсун же башка этникалык, диний топтон, сектадан болсо болсун күнөөсүз кишилердин өлтүрүлүүсү эч качан кабыл алынбайт. Бул бир диндин атынан, ислам дининин атынан жасалып жаткан болсо муну баары билиши керек мунун динибизде жана маданиятабызда эч бир орду жок. Бул бир гана варварлык андан башка эч нерсе эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар