Түркия Брюсселдеги террордук кол салууну айыптады

Террордун бардык түрүнө каршы чогуу күрөшүү керек

456229
Түркия Брюсселдеги террордук кол салууну айыптады

Президент Режеп Тайып Эрдоган Бельгиянын борбору Брюсселдеги кол салууларды айыптап, наалат айтты.

Түркиянын президенти жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Бул мыкаачылык кол салууларда каза болгондун жакындарына жана Бельгия калкына көңүл айтып, жаралуулардын тезирээк сакайып кетишин каалаймын»,-деди.

«Бир канча күн мурда Анкарада ПКК, андан соң Стамбулда ондогон адамдын өмүрүн алган ДЕАШтын кол салууларынан кийин эми Брюсселди бутага алган террористтер, эч бир адамдык жана ахлактык баалуулуктарга карабастан канкорчо колдонгон ыкмалары жагынан бири-биринен эч айырмасы жок экендигин дагы бир жолу көрсөткөн болду»,- деп айтты.

Террордун бардык түрүнө каршы чогуу күрөшүү керектигинин ачык-айкын көрүнүп тургандыгын белгилеген Эрдоган билдирүүсүн: «Түркия Бельгияга бул оор күнүндө колдоо көрсөтөт. Ар башка террордук кол салууларга дуушар болгон элибиз Бельгия калкынын кайгысын тең бөлүшөт»,- деп кошумчалады.

Түркиянын тышкы иштер министрлиги, премьер-министр Ахмет Давутоглу, Европа Биримдиги министри Волкан Бозкыр да Брюсселдеги кол салууну айыпташты.



Тектеш кабарлар