Түркияда террорго наалат айтылууда

Мамлекеттин жетекчилиги жана оппозиция болуп бардыгы тең террорго наалат айтышты.

454499
Түркияда террорго наалат айтылууда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман, Стамбулдун Бейоглу районундагы террордук кол салуу боюнча жарыясында, бузукулук жана кара мүртөз топтордун, өлкөнү ыраатсыздыкка түртүү, элди коркунуч жана дүрбөлөңгө түшүрүү, башкаруучуларды башка күн тартиптер менен алагды кылуу, коопсуздук күчтөрүн ийгиликсиз кылып көрсөтүү, улуттун мамлекетке болгон ишеничин бузуу сыяктуу аракетти кылганын белгиледи.

Кахраман терроризмди саясат башкаруучулугу жана инструменти катары карагандардын, мамлекеттин жана улуттун тунук ойлору, сабырдуулугу, эстүүлүгү, умтулуусу жана чечкиндүүлүгү менен ойлогондору таш каба турганын билдирди.

Кахраман анда, «Тарыхында мындан оор күндөрдү өткөргөн улутубуздун, бул кыйынчылыктардан да ашып өтө турганына ишенүү менен мыкаачылык кол салууда каза болгон атуулдарыбыздын жаткан жери жайлуу болушун, үй-бүлөлөрүнүн жана азиз улутбуздун кайраттуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилеймин»,-деп жазды.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу да арасында чет өлкөлүктөр да болгон жарандар бутага алынганын белгилеп кетти.

Давутоглу эч кандай айырмачылык кылбастан түздөн-түз «адамзатты» бутага алган мыкаачылык кол салууну кылган жан кечтилерге, аларды үгүттөгөн жана колдогондорго наалат айтты..

Бул кайгылуу окуянын себебинен терең капага баткандарын билдирген Давутоглу, өмүрүнөн ажырагандардын жаткан жерлери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайып кетишин тиледи.

Өкмөт башчы Давутоглу ар түрдүү террордук топтор менен күрөшүүнү бүгүнкүгө чейин болгону сыяктуу мындан кийин да ошондой эле чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын белгилеп өттү.

Вице-премьер-министр жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш, Түркиянын террорго көнө албай турганын, аны адаттагы көрүнүш сыяктуу карабай турганын, ага моюн сунбай турганын айтты.

Куртулмуш, Ордудагы жарыясында Бейоглундагы мыкаачылык кол салууга наалат айтып, «Чыккынчылык планын ишке ашырууга аракет кылып жатышат. Эмне кылсанар дагы бекер болот, бул улут сиздин тузактарга түшпөйт. Бул улут террордун кылгысы келгендеринин эч бирин колдобойт. Байыркы, эзелки туугандыгын буюрса түбүлүктүү кылат, кыяматка чейин бул жерлерде жанаша тынчтыкта жашайт»,-деди.

Вице-премьер: «террор менен күрөшүү улуттук жоопкерчилик. Улуттук колдошууну, биримдик жана ынтымак менен чогуу каршы турууну талап кылат. Муну кылып жатканда «бирок, же болбосо» дебестен эч тайсалдабастан, ар кимди бул зомбулук окуяларына, террор окуяларына, жалгыз гана террорду кылган кишилерге эмес, аларга буларды жасаткан бардык караңгы топторго каршы да бир жүрөктөн, бир муштумдай турууга чакырамын»,-деп айтты.

Вице-премьер Ялчын Акдоган Бейоглундагы террордук кол салууга байланыштуу «Карапайым элдерди өлтүрүү адамзатка каршы согуш баштоо болуп саналат. Террордун ар түрдүүсүнө наалат айтамын» деген сөздөрдү айтты.

Вице-премьер Мехмет Шимшек, «Террор эч качан максатына жете албайт. Түркия күчтүү өлкө жана биз сөзсүз жеңишке жетишебиз. Улутубуз болуп өткөндөрдү туура карап жатат. Террор эч качан максатына жетпейт»,-деп айтты.

Буга кошумча Стамбулга барган президент Режеп Таййип Эрдоган, премьер-министр Ахмет Давутоглунан мыкаачылык кол салуу тууралуу маалымат алды.

Давутоглу болсо тийиштүү министрлер менен бир жыйналышта абалды талкуулады. Жыйналыштан кийин ачыктоо жасалган жок.

Стамбулдагы террордук кол салууга оппозициядан катуу сөздөр айтылды.

Жумурият элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу: «Террор кимден болсо болсун, кайдан болсо болсун наалайт айтуу бардыгыбыздын милдетибиз»,-деди.

Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели болсо: «Улуттук кыйымл партиясынын террор жана терроризм менен күрөшүүдө улуту менен чогуу мамлекеттин жанында болот»,-деп айтты.

11-Президент Абдуллах Гүл твиттер тармагындагы жарыясында, «Толугу менен жарандарды бутага алган террордук кол салууну катуу айыптаймын»,деп жазды.



Тектеш кабарлар