Түркияда картаң кишилердин саны артты

Түркияда 6 миллион 495 миң 239 киши 65 жана андан да жогорку жашта

452875
Түркияда картаң кишилердин саны артты

Түркия статистикалык мекемеси ТҮИКтин 2015 - жылдагы маалыматтарына караганда Түркияда картаң кишилердин жалпы калктын ичиндеги катнашы 2014 - жылы 8 пайыз болсо өткөн жылы 8, 2 пайызга жогорулады.

Картаң кишилердин 43, 8 пайызын эркектер, 56, 2 пайызын аялдар түзөт.

Картаң кишилердин катнашы эң жогору болгон облус өткөн жылы да мурунку жылы болгондой Синоп болду. Картаң кишилердин катнашы эң төмөн болгон облустар болсо 3, 1 пайыз менен Хаккари жана Шырнак болду.

100 жаштан ашкан эң картаң киши Стамбул шаарында. Стамбулдан кийин Измир жана Анкара келет.

Өлүм себептеринин статистикаларына караганда 2014 – жылы каза болгон картаңдардын 46, 7 пайызы кан айлануу системасынын бузуктугунан каза болсо, бул оорудан кийин экинчи болуп 16, 9 пайыз менен мээдеги шишик, үчүнчү орунда болсо 12, 8 пайыз менен дем алуу органдарындагы ооруу турат.

Эң көп картаң кишилердин катнашына ээ үч өлкө кезеги менен 30, 4 пайыз менен Монако, 26, 6 пайыз менен Япония жана 21, 5 пайыз менен Германия болду. Түркия бул тизмеде 167 өлкөнүн арасында 66 - орунда турат.



Тектеш кабарлар