Террор менен күрөшүү

Кагылышууда 3 террорист да өлтүрүлдү

451402
Террор менен күрөшүү

Диярбакырдын Баглар районунда жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү террористтер менен болгон кагылышууда бир аскер шейит болду.

Кагылышууда 3 террорист да өлтүрүлдү.

Ошол эле учурда түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндөгү террордук буктурмаларды атты.

Ирактын түндүгүндө Кандил жана Гара аймактарына жасалган абадан кыймылда 45 террорист өлтүрүлдү.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда 14 - март күнү саат 03.20 -05.30 да Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн чалгындоонун натыйжасында Кандил жана Гара аймактарында аныкталган жаңы буталарга 9 Ф – 16 жана 2 Ф – 4 2020 аскердик учагы менен аба кыймылын жасады жана буталарды так атуу менен жардырылды.

Аймакта алгачкы белгилөөлөргө караганда аба кыймылынын натыйжасында 45 террорист өлтүрүлдү, 2 курал сактоочу жай менен 2 катюша башка куралдар менен бирге жардырылды.

Аймакта аныктоо иштери улантылууда.

Ошол эле учурда Шырнакта Түркия убактысы боюнча 23төн баштап көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Тыюу салуунун башталышы менен бирге кыймылга өткөн коопсуздук күчтөрү террористтер тарабынан курулган баррикада, казылган чуңкурлар жана бомбалуу тузактардын жардырылуусуна карата операциялар жүргүзүлүүдө.

Бир траптан Сирия чек арасынан мыйзам тышы жолдор меен өткөн террордук уюм ПЙД/ ПКК мүчөсү 10 киши Шанлыурфанын Жейланпынар районунда кармалды.

Жейланпынар коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү бөлүмүнүн топтору Энсар мааласында бир группа ПЙД/ПКК терроористинин бар экени боюнча маалымат алды. Маалада операция жүргүзгөн топтор террористтерди кармашты.

Медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн террористтер тергөөгө алынуу үчүн коопсуздук директорлугуна алып барылды.



Тектеш кабарлар