Түркия ДЕАШты айыптады

ДЕАШ адамдык сапатка жатпаган ыкмаларды колдонууда

449254
Түркия ДЕАШты айыптады

Түркия террордук уюм ДЕАШ колдонгон адамдык сапатка жатпаган ыкмаларды катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Керкүктүн Тузхурмату аймагына ДЕАШтын химиялык куралдар менен кол салгандыгына байланыштуу маалыматтар тынчсыздандыруу жаратканы белгиленди.

Кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтылган билдирүүдө: «Ар дайым болгондой эле түркмөн туугандарыбызга дарылануу жана гуманитардык жардам темасында керектүү колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар