3 миллиард евронун бир бөлүгү Түркияга жетти

Түркиянын сунушу аркылуу Эгей деңизиндеги мыйзамсыз өтүүлөрдүн толугу менен аякташы максатталууда.

449382
3 миллиард евронун бир бөлүгү Түркияга жетти

Европа Биримдиги тарабынан баш калкалоочулар үчүн которула турган 3 миллиард евронун бир бөлүгү Түркияга жетти.

Каражаттын калган бөлүгүнүн эң кыска мөөнөттүн ичинде келиши күтүлүүдө.

Түркиянын Европа Биримдигине сунушу жана биримдиктин жардам фондуна байланыштуу деталдар такталды.

Түркиянын сунушу аркылуу Эгей деңизиндеги мыйзамсыз өтүүлөрдүн толугу менен аякташы максатталууда.

Бул сунуш кабыл алынса 5 грек аралындагы баш калкалоочулар негизги жерге алынып барылып аралдар баш калкалоочулардан тазаланат.

Келишимден кийин Түркия аркылуу Европага мыйзамсыз жолдор менен өткөн баш калкалоочулар Түркияга алынып келинет.

Ал эми Түркияга канча сириялык келсе ошончолук сириялык мыйзамдуу жолдор менен Европага жөнөтүлөт.

Мыйзамсыз өтүүлөр аяктагандан кийин да Түркиядан Европа Биримдигине мыйзамдуу көчүүлөр уланат. Ушундан улам Түркиядагы сириялыктардын саны азаят.

2015-жылы 856 миң адам мыйзамсыз жолдор менен Түркия аркылуу Европага өтсө, 2016-жылы бул сан 137 миң киши болду.



Тектеш кабарлар