Аймактын тагдыры аймактан тышкаркы актерлорго калтырылбашы керек

Давутоглу Түркия менен Ирандын чогуу иштөөсүнүн аймактын пайдасына болоорун баса белгиледи.

445342
Аймактын тагдыры аймактан тышкаркы актерлорго калтырылбашы керек

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Иранда: «Аймагыбыздын тагдырын аймактан тышкаркы актерлорго калтырбашыбыз керек»,- деп айтты.

Өкмөт башчы Давутоглунун орчундуу Иран сапарында экономикалык карым-катнаштар менен катар Сирия жана аймактагы абалдар да каралды.

Өкмөт башчы Давутоглу Ирандын президентининин биринчи орун басары Исхак Жихангири менен болгон биргелешкен маалымат жыйынында, Түркия менен Ирандын чогуу иштөөсүнүн аймактын пайдасына болоорун баса белгиледи.

Иран сапарын жаңы мезгилдин башталышы катары мүнөздөгөн өкмөт башчы Давутоглу: «Көз караш айырмачылыктарыбыз, ар башка ой-пикирлерибиз болушу мүмкүн. Бирок аймагыбыздын тагдырын аймактан тышкаркы актерлорго калтырбашыбыз керек. Аймагыбызда туруктуу ырааттуулуктун, тынчтыктын, ынтымактын болушу үчүн Түркия менен Ирандын ортосундагы карым-катнаштардын маанисин ар ким билет. Дагы бир жолу айта кетейин, кара күндөрүндө биз Иран менен чогуу болдук, алдыдагы күндөрдө да бирге иштөөбүз эки өлкөнүн жана аймактын дагы пайдасына болот»,-деди.

Жихангири болсо Давутоглу сапарынын эки өлкөнүн ортосундагы бурулуш чекит болгонун баса белгиледи.

Премьер-министр Давутоглу Ирандын президенти Хасан Рухани менен да жолукту.

Давутоглунун Ирандын руханий лидери Али Хаманей менен жолугушуусу пландалып жаткан эле. А бирок бул жолугушуу Хаманейдин күйөө баласынын жаназысына кеткенинен Тегеранда болбой калышынын себебинен аткарылбай калды.

Өкмөт башчы Давутоглунун андан кийинки аялдамасы болсо түрк жана ирандык ишкерлерди жолуктурган Ишкерлер форуму болду.

Бул сапарда өкмөт башчыны айрым министрлер жана 30 чамалуу ишкер коштоп жүрүштү.



Тектеш кабарлар