Президент Режеп Тайип Эрдоган Дональд Туск менен жолугушту

Жолугушууда качкындар кризиси, террор менен күрөш каралды

444881
Президент Режеп Тайип Эрдоган Дональд Туск менен жолугушту

Батыш Африка жолугушууларын аяктап Түркияга кайтып келген президент Р. Т. Эрдоган жолугушууларын Стамбулда улантты.

Р. Т. Эрдоган Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Тускту кабыл алды. Президент Эрдоган Туск менен Бешикташтагы Мабейн сарайында жолугушту. Басма сөзгө жабык өткөн жолугушуу бир саат 40 минутага жакын созулду.

7 – мартта Брюсселде боло турган Түркия – Европа Биримдиги саммитинен мурда өткөрүлгөн жолугушууда качкындар кризиси, террор менен күрөш, Түркия – Европа Биримдиги карым – катнаштарынын каралганы белгиленди.

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Балкан өлкөлөрүнө жасаган сапарынан кийин келген Түркияда кечээ Анкарада премьер – министр Ахмет Давутоглу менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар