Айлан бөбөк доосунда чечим чыгарылды

Бодрум оор жаза соту Сирия тектүү 2 айыпкерге «качкындарды качыруу» кылмышынан 4 жыл 2 ай абак жазасын берди

444668
Айлан бөбөк доосунда чечим чыгарылды

Бодрумда жээкке чыккан жансыз денеси менен дүйнөнү терең санааркаткан Айлан бөбөк да араларында болгон 5 киши каза болгон качкындар апааты тууралуу доодо чечим чыгарылды.

Бодрум оор жаза соту Сирия тектүү 2 айыпкерге «качкындарды качыруу» кылмышынан 4 жыл 2 ай абак жазасын берди.

Айыпкерлер билип туруп бирден ашуун кишинин өлүмүнө себепчи болуу кылмышынан далилдердин жетерсизлиги менен акталды.

Эки айыпкер 11 - февралдагы биринчи сотто Айлан Курдинин атасы 40 жаштагы Абдуллах Курдини күнөөлөгөн болчу.

2015 - жылы 2 - сентябрда Бодрум жакындарында болгон окуяда каза болгон Айлан бөбөктүн жансыз денесинин фотографиясы качкындар трагедиясынын символу болду, андан кийин бир топ өлкө каалгаларын качкындарга ачууга мажбур болгон.



Тектеш кабарлар