Түркия менен Нигериянын ортосунда бир катар келишимдер түзүлдү

Эрдоган, Нигерия жана Түркиянын көп сандаган окшош жагы бар экенин түшүндүрдү.

443741
Түркия менен Нигериянын ортосунда бир катар келишимдер түзүлдү

Түркия менен Нигериянын ортосунда соода, экономика жана өнөр жай тармактарында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Президент Режеп Таййып Эрдоган Африка сапарынын алкагында барган Нигерияда мамлекет башчы Бухари менен өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

Андан кийин эки өлкөнүн ортосундагы келишимдер үчүн Президенттик сарайында кол коюу аземи өткөрүлдү.

Кол коюу аземинен кийин Эрдоган менен Бухари биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган бул жердеги сөзүндө президенттик кызматка шайлангандан кийин Нигерияга алгачкы расмий сапарын жасап жатканы үчүн бактылуу экенин белгилеп өттү.

Нигерия сахаранын ылдый жагындагы Африкада өзгөчө стратегиялык өнөктөш катары кабыл алышкан өлкө экенин баса белгилеген Эрдоган: «Эки тараптуу карым-катнаштар, аймактык жана дүйнөлүк абалдарды талкуулоо мүмкүнчүлүгүбүз болду. Кол коюлган келишимдер жана меморандумдар эки өлкөнүн карым-катнаштарын дагы да илгериге жеткире турган документтер»,-деди.

Маалмат жыйынынан кийинжурналисттердин суроолоруна жооп берген Эрдоган, Нигерия жана Түркиянын көп сандаган окшош жагы бар экенин түшүндүрдү.

Өзгөчө саясий, аскердик, экономикалык, соодалык, маданий, бардык бул тармактарда министрлердин биргелеше иштей тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Президенттердин да бир жылы Түркияга, бир жылы Нигерияга эки жактуу сапарлары менен абдан олуттуу күч бөлүшүүсү болот. Эки жак тең утушка ээ боло турган иштер уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар