Түркия менен Гананын ортосундагы карым - катнаштар дагы да өнүгөт

Гананын мамлекет башчысы Махама Түркия жана Гананын ортосундагы соодада кош салык салууну жоюу үчүн бирдей пикирде экендерин да билдирди

443022
Түркия менен Гананын ортосундагы карым - катнаштар дагы да өнүгөт

Гананын мамлекет башчысы Жон Драмани Махама Түркия менен Гананын ортосундагы карым – катнаштардын дагы да өнүгөрүн айтты.

Махама : «Түркия менен Гананын ортосундагы сооданы арттыруу улантылат. Азыркы учурдагы жылдык 400 миллион долларлык соода көлөмү менчик сектор менен дагы да артат. 2020 - жылдан тарта сооданы жылдык 1 миллиард долларга чыгарууну максат кылуудабыз»,- деди.

Тышкы экономикалык карым – катнаштар кеңешинин негизинде өткөрүлгөн Түркия – Гана иш форумунда сөз сүйлөгөн Гананын мамлекет башчысы Махама президент Эрдогандын өлкөсүнө жасаган сапарынан ыраазы экенин айтуу менен сөзүн баштады.

Махама Түркия жана Гананын ортосундагы соодада кош салык салууну жоюу үчүн бирдей пикирде экендерин да билдирди.

Гананын мамлекет башчысы Жон Драмани Махама Гананын инвестиция тартуу үчүн бир топ ылайыктуу сектордун бар экенин жана түрк менчик секторуна каалгаларынын ачык экенин белгилеп, карым – катнаштарынын артуусу үчүн өнөр жай кабинеттеринин өкмөт менен бирге иштөөсүн суранды жана спорттон коомчулук транспортко чейин түрдүү тармактарда бирдикте иштей алышарын айтты.



Тектеш кабарлар