Эрдоган террор менен биргелешип күрөшүүгө чакырды

Түркия менен Гананын ортосунда соода, байланыш жана энергетика тармактарында бир катар келишимдерге кол коюлду.

442577
Эрдоган террор менен биргелешип күрөшүүгө чакырды
  • Президент Режеп Таййып Эрдоган сахаранын ылдый жагындагы Батыш Африка сапарынын экинчи аялдамасы Ганада террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанисин баса белгиледи.
  • Эрдоган үчүн борбор шаар Акрадагы президенттик сарайында расмий тосуп алуу салтанаты уюштурулду.
  • Президент Режеп Таййып Эрдоган жана Гананын мамлекет башчысы Жон Драмани Махама салтанаттуу аземден кийин өз алдынча жолугушуу өткөрдү.
  • Эки лидер андан соң соода, байланыш жана энергетика тармактарында бир катар келишимдерге кол коюлушу үчүн уюштурулган иш-чарага катышты.
  • Аземдеги сөз сүйлөөсүндө террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтыктын маанисин баса белгилеген президент Эрдоган: «35 жылдан бери бөлүүчү террор менен күрөшкөн өлкө катары террордук уюмдардын максатын, ыкмаларын абдан жакшы билебиз. Жаштарыбыз биздин келечегибиз. Дини, тили, расасы болбогон террорду дүйнөдө бардык өлкөлөр наалат айтып ага каршы турушубуз керек. Түркия Гана жана ганалык туугандарын ар дайым колдойт»,-деди.
  • Президент Эрдоган Гана Парламентине да кайрылуу жасайт.
  • Андан кийин Гана-Түрк ишкерлер форумуна катыша турган Эрдоган, Гананын улуттук мечит жана комплексинин курулушуна барат. Президент Режеп Таййып Эрдоган Ганадагы жолугушуулары аяктаган соң Батыш Африка сапарынын үчүнчү аялдамасы Нигерияга барат.
  • Президент Режеп Таййып Эрдоган баштаган делегацияда тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экология жана шаар пландоо министри Фатма Гүлдемет Сары, улуттук коргоо министри Исмет Йылмаз, энергитика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, экономика министри Мустафа Элиташ жана президенттик аппарат башчысынын орун басары жана катчысы Ибрахим Калын да орун алууда.


Тектеш кабарлар