Давутоглу Сирия темасында эл аралык коомчулукту эскертти

Давутоглу:«Эл аралык коомчулуктун Америка Кошмо Штаттары жана Орусия башкаруучулугунан баштап эми чынчыл мамиле кылып, чындыктар менен беттешүүсү керек».

442535
Давутоглу Сирия темасында эл аралык коомчулукту эскертти

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түркиянын, караңгы бөлмөлөрдө жазылган караниеттүү сценарийлерге эч качан чөгөлөп бербей турганын, террордун бул өлкөдө жете турган кандайдыр бир жолу жок экенин айтты.

Давутоглу, «Жаңы Түркия жолунда» сөз сүйлөөсүндө Сириядагы абалдар, террор менен күрөшүү жана жаңы конституция иш-чараларына токтолду.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Сирия темасында эл аралык коомчулукту эскертип, «Орусия, Сирия режими, ПКК жана ПЙД болуп кол кармашып алып Түркиянын түштүк чек арасында террор алкагын, террор түзүлүшүн кургусу келип жатат»,-деди.

«Эл аралык коомчулуктун Америка Кошмо Штаттары жана Орусия башкаруучулугунан баштап эми чынчыл мамиле кылып, чындыктар менен беттешүүсү керек»,-деди Давутоглу.

«Бул баш аламандык абалын мүмкүнчүлүк катары көрүп аймакта өкүмдарлыгын арттырууга аракет кылган жана тилекке каршы айрым мамлекеттердин колдоосун алган террордук түзүлүштөрдүн да бул процессте алдын алуу керек»,-деп айттыал.

Өкмөт башчы Давутоглу Түркияга багытталган сценарийлерге уруксат берилбей турганын баса белгилеп, «Оюнду билебиз. Чек араларыбыздын ичинде жана тышында Түркияны бутага алган эч бир сценрийге уруксат бербейбиз. Бул өлкөнүн улуттук коопсуздугу бардык кызыкчылыктардан, тең салмактуулуктардан жана шериктештиктерден жогору турат. Бул темада эч кимден уруксат алууга муктаждыгыбыз жок экенин ар ким билиши керек»,-деди.

Премьер-минстр жаңы конституция даярдоо эмгектери боюнча да, «Парламенттеги эч бир саясий партия, бул жоопкерчиликтен баш тарта албайт жана баш тартпашы керек. Саясат эки тараптуу сүйлөшүүгө, кеңешүүгө таянган алпурушуу болуп эсептелет. Саясий уюм да бул темада өз милдетин аткаруу үчүн жакшы ниетин көрсөтүп, конструктивдүү мамиле кылышы керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар