Давутоглу менен Меркель сүйлөштү

Сүйлөшүү Германиянын канцлери Ангела Меркелдин талабы боюнча өткөрүлдү.

441390
Давутоглу менен Меркель сүйлөштү

Премьер-министр Ахмет Давутоглу менен Германиянын канцлери Ангела Меркель мыйзамсыз көчүүгө каршы күрөшүү жана Сириядагы абал каралган телефон сүйлөшүүсүн өткөрүштү.

Премьер-министрликтен маалымдалгандай, сүйлөшүү Германиянын канцлери Ангела Меркелдин талабы боюнча өткөрүлдү.

Сүйлөшүүдө өкмөт башчы Давутоглу Сириядагы кагылышуулардын токтотулушуна карата түзүлгөн келишимге шайкеш келүүнүн бардык нерседен мурда сириялыктардын коопсуздугу жагынан маанилүү экенин сөз кылып, ДЕАШ жана ПЙД/ЙПГ сыяктуу террордук уюмдардын бул абалдан пайдаланууларына жол берилбеши керектигин айтты.

Мыйзамсыз көчүүгө каршы күрөшүүдө Түркия-Германия жана Түркия-Европа Биримдиги кызматташуусундагы учурдагы абал да каралган сүйлөшүүдө, эки лидер Түркия, Германия жана Европа Биримдигинин кызмат органдары жүргүзүп жаткан кызматташууга болгон ыраазычылыктарын билдиришти.



Тектеш кабарлар