Түркия акыркы баш калкалоочу жай

Давутоглу, Түркия калкынын террор уюмунун провакацияларына уруксат бербегенин белгилеп өттү.

440972
Түркия акыркы баш калкалоочу жай

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын философиясынын акыркы максатынын Түркиянын үстүнөн оюн ойногусу келген ар кимге каршы туруу болгонун айтты.

Давутоглу Бингөлдө бейөкмөт уюмдардын жолугушуусунда сөз сүйлөп, террор окуяларына токтолду жана Түркиянын айланасындагы согуштарды мүмкүнчүлүк катары көргөн айрым «чыккынчы» чөйрөлөрдүн кайрадан аракетке өтүп, Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Анадолуда 1990-жылдарды эске салган террордук кол салууларын баштагандарын түшүндүрдү.

Мамлекет жана улут катары жүргүзүлүп жаткан күрөштө башында Бингөл турган аймак калкынын бул күрөштүн ичинде орун ала турганын белгилеген Давутоглу, элдин террор уюмунун провакацияларына уруксат бербегенин белгилеп өттү.

Давутоглу: «АК партиянын көз карашы, философиясынын акыркы максаты, Түркиянын үстүнөн оюн ойногусу келген ар кимге каршы туруу жана ага каршы биримдигибизди, ынтымагыбызды өкүлдүк кылган ар ким менен кол кармашып иштөө»,-деди.

Сириядагы, Сомалидеги, Газадагы жана Босниядагы карапайым элдердин Түркияны акыркы баш калкалоочу жай катары карагандарын белгилеген Давутоглу, «Акыркы баш калкалоочу жай катары карашкан Түркия Республикасы мамлекетинин территориясы бөлүнүп жарылса, акыркы баш калкалоочу жер катары карашкан Анадолу жергеси да ыраатсыздыкка кабылса башка бара турган жери калбайт. Ар ким бир жерге бара алат, бирок биз бара ала турган башка жер жок, башка мекенибиз жок. Кудум эле бир кылым мурда болгону сыяктуу. Жерлерибиздин сыймыктануу менен, ардакталып жашалышын кааласак, бардыгыбыз бирге бул жерлерди коргойбуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар