Түрк ба жолу 28 - февралда боло турган Оскар сыйлык тапшыруу аземине даярданууда

Түрк аба жолу «Batman» жана «Superman» киносуна спонсор болгон

435960
Түрк ба жолу 28 -  февралда боло турган Оскар сыйлык тапшыруу аземине даярданууда

Түрк аба жолдору 28 - февралда 88 - өткөрүлө турган Оскар сыйлык тапшыруу аземине тамгасын басат. Эң көп өлкөгө учкан аба жолу фирмасы атын алган түрк аба жолдору бүткүл дүйнө көрө турган Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде жүз миллиондогон кишинин алдына чыгууга даярданууда.

Реклама бергендер жыштык алуу үчүн кезекке кирген Оскар кечесинде түрк аба жолдорунун 60 секундалык таанытуу рекламасы көрсөтүлөт. Бул жылдын ичинде оболу «Batman» жана «Superman» киносуна спонсор болгон түрк аба жолдору андан кийин АКШнын эң чоң спорттук организациясы болгон Америка Улуттук Футбол лигасынын финал жарышы Super Bowlдун реклама кечесинде бүткүл дүйнөнүн көңүлүн тарткан.

800 миллионго жакын киши көргөн Super Bowl кечесинде «Batman» жана «Superman» рекламалары менен алдыга чыккан түрк аба жолу эми 28 - февраль күнү кечинде боло турган Оскар сыйлык тапшыруу аземинде бүткүл дүйнөдөн миллиондогон көрүүчүнүн алдына чыгууга даярданууда.



Тектеш кабарлар