Батыш террор менен күрөшүүдө эки жүздүүлүк кылууда...

Эрдоган Сириядагы көч толкунунун эң чоң себебинин Орусиянын жана Асад режиминин жаран калкты бутага алган кол салуулары болгонун айтты.

431145
Батыш террор менен күрөшүүдө эки жүздүүлүк кылууда...

Президент Режеп Таййып Эрдоган террор менен күрөшүү темасында эки жүздүү мамиле кылган батышка каршы чыгууларын улантты.

Эрдоган Түркиянын жаш ишкерлер конфедерациясынын башкы кеңешиндеги сөзүндө Сириядагы көч толкунунун эң чоң себебинин Орусиянын жана Асад режиминин жаран калкты бутага алган кол салуулары болгонун айтты.

Бириккен Улуттар уюму Сирияда жарандарды кыргынга учураткан Орусия, Иран жана Асад режимине каршы чара көрүүнүн ордуна Түркияга баш калкалоочуларга каалгаларын ачуу чакырыгын таштоосун урматтабоочулук катары аныктаган Эрдгоан: «Эй Бириккен Улуттар Уюму, сен эмне ишке жарайсың? Ушул убакка дейре баш калкалоочулар үчүн 10 миллиард доллардай акча каржылаган Түркияга сен эмне жардам бердиң? 455 миллион доллар. Уят эмеспи, уят. Биздин маңдайыбызда макоо деген сөз жазбай эле. Бир жерге чейин чыдайбыз, андан кийин эмне керек болсо ошону кылабыз. Бизге насаат айткандар, БУУнун башка өлкөлөрүнө да насаат айтышсын, баш калкалоочуларды ал өлкөлөргө да жөнөтөлү»,-деп каршылык көрсөттү.

Европа Биримдиги (ЕБ) Түркиядагы сириялык коноктор үчүн бериле турган төлөмдөргө токтолгон президент Эрдоган, бул каражаттын Түркия үчүн эмес сириялыктар үчүн каржылана турганына да токтолуп, «Биз ушул убакка дейре сизден акча келет деп 9 миллиард долларды каржылаган жокпуз. Ал биздин меймандостугубуздун талабы болчу, биз муну жасадык»,-деп айтты.

Эрдоган айрым чөйрөлөрдүн ПЙДны террор уюму ПККдан ажыратып карай турганчалык көздөрү жабык болгонун айтып, мунун эки жүздүүлүк экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар