Орусиянын Сирияда бомбалап жаткан жерлерин билебиз

Давутоглу Москва бийлигинин Сирияда террор менен эч тиешеси болбогон жарандарды бутага алып аесуз түрдө бомбалоосун улантканын билдирди.

429822
Орусиянын Сирияда бомбалап жаткан жерлерин билебиз

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Орусиянын Сирияда бомбалап жаткан жерлердин бардыгынын маалыматтары бар экенин айтты.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Парламенттеги кезектеги жумалык фракция жыйынында: «Эл аралык коомчулуктун жүрөгү токтоду. Бул болуп жаткан абалга токто деп айтуунун убагы келди»,-деди.

Давутоглу Москва бийлигинин Сирияда террор менен эч тиешеси болбогон жарандарды бутага алып аесуз түрдө бомбалоосун улантканын билдирди. Ал: «Биздин колубузда Орусиянын кайсы жерге бомба таштаганы жөнүндө бир-бирден баардык маалыматтар бар. 6 миңге жакын учуунун 90 пайызы жарандарга жана оппозициячылдарга багытталды. Жалгыз 10 пайызы гана ДЕАШты бутага алды. Ар бир бомба түшкөн жердин маалыматы биздин колубузда жана муну АКШ да билет. БУУ да билет»,-деп айтты.

Сөзүндө Германиянын канцлери Ангела Меркель менен кечээ болгон жолугушууга токтолгон Давутоглу, Сириядан келе турган жаңы көч толкунуна Түркиянын каалгасын жаппай турганын да айтты.

Давутоглу: «Асад режими жана Орусия карапайым калктын күлүн сапырыш үчүн күнүгө алардын үстүнө бомба таштап жатат. Кечээ Меркель менен сүйлөшүп жатканда бул темаларды карадык. Бир элди ойлоп көргүлө үстүнө бомба жаап жатканда 5 жыл чыдады. Ал аз келгенсип Хизбуллах террористтери келди, Ирандын мыйзамсыз чек арадан өткөн согушкерлери келди. Анын артынан Орусия болгон күчү менен келди.Сириядан 70 миң баш калкалоочунун чек арабызга келүү ыктымалы бар. Эч кимге каалагабызды жапкан жокпуз. Ал эми АКШ жана эл аралык коомчулуктун бетме-бет сүйлөшүүсү керек. Туруктуу тынчтыкты түзүү үчүн көп убакыт калган жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар