Тектештер баш мүйтифликтин айланасында чогулушу керек

Болгарияга барган Давутоглу Сирия маселесинин дүйнөлүк маселе болгонун айтты.

410830
Тектештер баш мүйтифликтин айланасында чогулушу керек

ТР Премьер-министри Ахмет Давутоглу Сирия маселесинин эми дүйнөлүк маселе болгонун айтты.
Болгарияга кечээ расмий сапар менен барган Давутоглу, борбор калаа Софиядан бүткүл дүйнөгө үн катты.
«Сирия темасында ар ким аракет кылышы керек. Андай болбосо баш калкалоочулар маселеси алдыбыздагы жылдарда бардыгыбыз дуушар боло турган чоң маселеге айланат»-деп айткан өкмөт башчы, мыйзамсыз көч маселесинин чечилиши үчүн күчтүү бир эрк менен күрөшүп жаткандарын айтты.
Болгария менен болгон карым-катнаштарга да токтолгон Давутоглу: «Биздин кыялдануубуз Стамбулдан Софияга чейин Софиядан Европага чейин жете турган ылдам жүрүүчү поезд жолун салуу. Ошондой эле автожолдору менен тарнспорт байланыштары менен Болгария менен Түркияны бири бирине кошуу»-деди.
Премьер-министр Давутоглу Болгар тилине которулган китебин Больгариянын президенти Росен Плевнелиевге белек кылды.
Давутоглу андан кийин Болгария мусулмандарынын баш муфтийи Мустафа Алиш Хажы менен жолукту. Давутоглу террор уюму ДЕАШка жана Европада мечиттерге кол салган ашкере жикчил агымдарга каршы Түркия менен Болгария кызматташып жатканын айтты.
Премьер-министр Больгария программасында эң акырында даанышман адамдар жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.
Ахмет Давутоглу: «Тектештер баш мүйтифликтин айланасында чогулушу керек»-деп айтып, диний баалуулуктарга кол салууларга каршы кайдыгер болбоо чакырыгын салды.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар