Эрдоган  Ашкабатта Тарапсыздык эстелигине гүл чамбар койду

Президент Эрдоган жана Бердимухаммедов жолугушууда кол алышып көрүштү

361595
Эрдоган  Ашкабатта Тарапсыздык эстелигине гүл чамбар койду

Түркмөнстандын тарапсыздыгынын 20 жылдыгына арналган иш чаранын негизинде өткөрүлө турган «Тарапсыздык конференциясына» катышуу жана жолугушууларды өткөрүү үчүн кечээ Ашкабатка барган Эрдоган конференцияга катышкан лидерлер менен Тарапсыздык эстелигине гүл чамбар койду. Аземден кийин конференция өткөрүлө турган Соода жана өнөр жай кабинетинин имаратына барган лидерлерди Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов тосуп алды. Президент Эрдоган жана Бердимухаммедов жолугушууда кол алышып көрүштү. Лидерлер бирдикте сүрөткө түшкөндөн кийин «Тарапсыздык конференциясына» өтүштү. Тарапсыздык конференциясына катышкан президент Эрдоган терроризмге каршы эл аралык биримдиктин маанисин баса белгиледи.
Ыраатсыздыктын эл аралык алкакта чечилүүсүнүн маанисине токтолгон Эрдоган : «Алдыбыздагы мезгилде бетме – бет келе турган сынактардан бирдикте өтөбүз, эл аралык маанилүү процесстен өтүүдөбүз. Ыраатсыздыктар бардык өлкөлөргө таасирин тийгизүүдө. Бул маселелердин эл аралык деңгээлде чечилишин каалайбыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар