Президент Аль Жазирага маалымат берди
«Биз толугу менен сектанттыкка каршыбыз»,- деген президент Ирак жана Ирандын аймакта жүргүзгөн сектанттык саясаттарын да сынга алды
Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Мусулда аскерлерди машыктыруу үчүн аскер жиберүү боюнча Ирак өкмөтүнүн маалыматынын бар экенин айтты. Президент Эрдоган Аль Жазира телекөрсөтүүсүнүн арапча каналына интервью берди.
Мусулдагы түрк аскерлери тууралуу малымат берген президент Ирактын премьер – министри Хайдар ел - Ибадинин Түркиядан машыктыруу үчүн аскер талап кылганын айтты. Президент Эрдоган : «Аскерлер согуштук күч катары эмес, машыктыруучу күч катары ал жерде»,- деди.
Маалыматында : «Биз толугу менен сектанттыкка каршыбыз»,- деген президент Ирак жана Ирандын аймакта жүргүзгөн сектанттык саясаттарын да сынга алды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.