Диярбакыр жана Шырнакта террордук кол салуу болду

Кол салууда 3 киши шейит болду

401785
Диярбакыр жана Шырнакта террордук кол салуу болду

Диярбакырдын Сур жана Шырнактын Жизре районундагы террордук кол салууларда бир полиция менен 2 аскер шейит болду. Бирөөсү оор болгон 2 аскер жараланды. Бир канча убакыттан бери операция жүрүп жаткан Диярбакырдын Сур районунун Куршунлу мечитинин жакындарында террористтер менен полициянын арасында кагылышуу чыкты. Кагылышууда бир полициясы жараланды. Жаралуу полиция Дижле университетинин медициналык факультетинин ооруканасына жаткырылды. Кагылышууда жараланган полиция бардык аракеттерге карабастан куткарыла алган жок. Полиция кол салуучуларды кармоо үчүн кенен түрдө операция баштады.
Шырнактын Жизре районунун Нусайбин проспектисинде болсо унааларынын дөңгөлөгүн алмашытырп жаткан 4 аскердик кызматкерге бир унаадан ок атылды. Кол салууда 2 офицер менен 2 сержант жараланды. Ооруканада дарыланып жаткан жаралуулардын бирөөсүнүн абалы оор экени билдирилди. Кол салгандардын кармалуусу үчүн райондо кенен түрдөгү операция башталды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар