Давутоглу бүгүн Түндүк Кипрге барат

Давутоглу президент Мустафа Акынжы, парламенттин төрайымы Сибел Сибер жана премьер-министр Өмер Кальйонжу менен жолугушат.

396334
Давутоглу бүгүн Түндүк Кипрге барат

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасына барат.
64-өкмөт ишеним добушун алгандан кийин премьер-министр алгачкы сапарын бүгүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына жасайт.
Премьер-министр Давутоглу Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы жакын алакалардын дагы да бекемделиши жана Кипр темасындагы акыркы жагдайлардын алкагында президент Мустафа Акынжы, парламенттин төрайымы Сибел Сибер жана премьер-министр Өмер Кальйонжу менен жолугушат.
Өкмөт башчы айрыкча Лефкошадагы Юнус Эмре түрк маданият борборунун ачылышын да ишке ашырат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар