Түркиянын Москва элчилигине кол салуу

Түркияга нараазычылык ураандары менен жүргөн топтун кол салуусунан улам имараттын кээ бир терезелеринин айнектери сынды

354782
Түркиянын Москва элчилигине кол салуу

Орусиянын аскердик учагы Түркиянын чек арасында атып түшүрүлгөндүгүнөн улам кечээ Түркиянын Москвадагы элчилигине карата башталган нааразычылык митингдин аягы кол салууга айланды. Башкача айтканда Москвадагы элчиликтин имаратынын алдында чогулган митингчилер имаратка таштар менен кол салышты.
Түркияга нараазычылык ураандары менен жүргөн топтун кол салуусунан улам имараттын кээ бир терезелеринин айнектери сынды.
Москва элчилигинин басма сөз кеңешчиси Орхан Газигил окуя тууралуу берген маалыматында, элчиликтин алдында коопсуздук чарасы көрүлбөгөндүгүн айтты. « Элчилик жайгашкан проспекти толугу менен жабыла алмак, бирок полиция муну аткарган жок. Натыйжада элчилик имараты бүлүнгө учурады»,- деди О. Газигил.
Түркия – Сирия чек арасында беш минутанын ичинде 10 жолу эскертилгенине карабастан эреже бузган SU-24 моделиндеги аскердик учакка эрежелердин негизинде аймакта күзөттө жүргөн эки түрк Ф – 16 учагы тийштүү чара көргөн.
Орусия Хатайдын Яйладагы районуна жакын Сириянын Байырбужак аймагына атып түшүрүлгөн учактын өзүнө таандык экенин билдирсе, НАТО учактын аба эрежесин бузганына байланыштуу Түркиянын билдирген маалыматтарынын туура экендигин аныктаган.
Эскерте кетсек, буга чейин октябрь айында Орусияга таандык аскердик учактар түрк аба аянтын бузган, мындан улам орус жетекчилери кечирим сураган. Мындай окуялар дагы бир ирээт кайталанбастыгын билдиршкен.Ал эми Түркия мындай окуялар кайталана турган болсо сөзсүз жооп кайтарыла турганын эскерткен.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар