Түркия учак боюнча дипломатиялык карым-катнашын улантууда

НАТОнун туруктуу өкүлдөрүнүн элчилери Түркиянын чакыруусу менен шашылыш түрдө чогулду.

422063
Түркия учак боюнча дипломатиялык карым-катнашын улантууда

Түркия, аба мейкиндигин бузуп кирген учактын түшүрүлүшүнө байланыштуу дипломатиялык карым-катнаштарын улантууда.
Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу ушул алкакта Англиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана НАТОнун баш катчысы Йенс Стольтенберг менен телефондо байланышып сүйлөштү.
Давутоглу Кэмерон менен болгон сүйлөшүүсүндө Бириккен Улуттар Уюму жана НАТО макамдарынын кеңири түрдө маалыматтандырыла турганын сөз кылды.
Давутоглу Германиянын канцлери Меркелге да телефон чалып түшүрүлгөн учак тууралуу кеңири маалымат бөлүштү.
Ангела Меркель жана Дэвид Кэмерон бөлүшкөн маалыматтары үчүн Давутоглуна ырахмат айтыштып, лидерлер 29-ноябрда Брюсселде боло турган Түркия-ЕБ саммитинде жолугушуу чечимин чыгарды.
Өкмөт башчы Давутоглу НАТОнун баш катчысы Стольтенберг менен да Түркиянын аба мейкиндигине кирип кеткен согуштук учактын түшүрүлүшү темасында да пикир алмашты.
Анда Стольтенберг Түркиянын коопсуздугуна байланыштуу НАТОнун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар туурасында маалымат берди.
Бул теманын алдыдагы күндөрдө Брюсселде боло турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйналышында карала турганын сөз кылды.
Бул учурда НАТОнун туруктуу өкүлдөрүнүн элчилери Түркиянын чакыруусу менен шашылыш түрдө чогулду.
Жыйналышта түрк делегациясы учактын түшүрүлүшүнө байланыштуу маалыматтарды бөлүштү.
Орто эсеп менен 1 саатка созулган жыйналыштан кийин элчилер Түркияны сабырдуу болууга чакырышты.
НАТО, Орус согуштук учагынын түрк аба мейкиндигин бузуп киргенин да жарыялады.
Европа Биримдигинен да тынчтык чакырыгы салынды.
Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск социалдык медиа эсебинен берген маалыматында, «Орус реактивинин түшүрүлүшүнөн кийин коркунучтуу процесстен өтүүдөбүз. Бул мезгилде ар ким токтоолук кылышы керек»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар